№ 13 Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына “Бир Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясы тарабынан сунушталган талапкерлеринин тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

         “Бир Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясынын Ош аймактык шайлоо комиссиясына тапшырган арыздары жана талапкерлердин тизмеси дал келбегендигине байланыштуу,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Бир бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясынан талапкерлердин арыздарын жана тизмесин тактап берүүнү талап кылган.

         Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2016-жылдын 8-апрелинде (кир. №02-16)  “Бир Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясынан талапкерлердин такталган арыздары менен Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө такталган сунуш түшкөн.  

      “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:  

 1. “Бир Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясынын  2016-жылдын 8-апрелиндеги (кир. №02-16) такталган сунушу канааттандырылсын.

 2. Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 31-мартындагы № 19/2 чечиминин “Бир Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясынын чечимдери жана талапкерлердин кезектүүлүгүн өзгөртүү боюнча арыздарын канааттандыруу тууралуу бөлүгү жокко чыгарылсын.

 3. “Бир Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясынын Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлеринин тизмесиндеги кезектүүлүгүнө төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

-         Омаралиев Урматбек Айтиевич №4төн №16га;

-         Турдубай уулу Акылбек  №16дан  №4кө.

4. “Бир Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясы тарабынан Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесине ушул чечимдин 1,2 пунктуна ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин. “Бир Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясынан депутаттыкка катталган талапкерлеринин тизмеси, киргизилген өзгөртүүлөр менен,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын (тиркелет).

5. Бул чечимдин көчүрмөсү Ош аймактык шайлоо комиссиясына, “Бир Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясына жана депутаттыкка талапкер С.А. Курбаназаровго жиберилсин.

6. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р. Джолбуновго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                                 Т. АБДРАИМОВ