№ 12 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө
2016-жылдын 11-декабрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону жана референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) уюштурууда жана өткөрүүдө көрсөткөн аң сезимдүү жана үзүрлүү эмгектери, өз милдеттерин так аткаргандыгы, Кыргыз Республикасында шайлоо системасынын өнүгүшүнө кошкон зор салым үчүн, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 жана 14-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы менен мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарынын, укук коргоо органдарынын, жетекчилери, кызматкерлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана өнөктөштөр, аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү тиркемеге ылайык сыйлансын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмү, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгы жана маалыматтык бөлүмү ушул чечимди жүзөгө ашыруу боюнча зарыл чараларды ишке ашырсын.
3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын кеңешчиси А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА