№ 11 Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттыгына “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясы тарабынан сунушталган талапкерлеринин тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынын Токмок аймактык шайлоо комиссиясына көрсөтүлгөн талапкерлеринин арыздары жана талапкерлеринин тизмеси дал келбегендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан талапкерлеринин арыздарын жана талапкерлеринин тизмесин тактап берүүнү талап кылган.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2016-жылдын 6-апрелинде (чыг. № 336) “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынын талапкерлеринин такталган арыздары менен Токмок шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлеринин тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө такталган сунушу түшкөн.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынын 2016-жылдын 6-апрелиндеги (чыг. № 336) сунушу канааттандырылсын.
2. “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясы тарабынан Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлеринин тизмесинин кезектүүлүгүнө төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Сулайманов Таалайбек Орозбекович – № 1ден № 26га;
- Батырбек уулу Арнур – № 26дан № 1ге;
- Ваншу Гайсыр Омарович – № 4төн № 15ге;
- Бостериева Кыял Суйунучовна – № 15ден № 4гө;
- Крашенинникова Алена Юрьевна – № 6дан № 22ге;
- Келдибеков Нурлан Белекович – № 22ден № 6га;
- Юсупов Бахтиержан Махмуджанович –№ 7ден № 18ге;
- Даирова Дамира Джаиковна –№ 18тен № 7ге;
- Ыманова Раушан Эрнистбековна –№ 9тан № 21ге;
- Янахунов Ламзар Ясырович –№ 17ден № 9га;
- Джумадилова Гульзада Мухтарбековна – № 21ден № 17ге;
- Лавринович Ольга Викторовна – № 12ден № 27ге;
- Юнусов Рустам Магрипович – № 35ден № 12ге;
- Мусуркулова Джылдыз Чойбековна – № 27ден №35ке.
3. “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясы тарабынан Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесине ушул чечимдин 1,2-пунктарына ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин. “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан депутаттыкка катталган талапкерлеринин тизмеси, киргизилген өзгөртүүлөр менен, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын (тиркелет).
4. Бул чечимдин көчүрмөсү Токмок аймактык шайлоо комиссиясына жана “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясына жөнөтүлсүн.
5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р. Джолбуновго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ