29.09.2015 № 119 «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынын ишенимдүү адамынын каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө
«Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынын билдирүүсүнүн негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
- «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлеринин ишенимдүү адамы Бианки Маралбунун каттоосу жокко чыгарылсын.
- «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлеринин жогоруда көрсөтүлгөн ишенимдүү адамынын № 1 күбөлүгү ушул чечим күчүнө кирген учурдан тартып жараксыз деп табылсын.
- Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерди кабыл алуу, аларда камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Азиз Канатбекке жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 29-сентябры
№ 119