№ 10 Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттыгына “Республика – Ата Журт” саясий партиясы тарабынан сунушталган талапкерлеринин тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Республика – Ата Журт” саясий партиясынын Токмок аймактык шайлоо комиссиясына тапшырган талапкерлердин арыздары жана талапкерлердин тизмеси дал келбегендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Республика – Ата Журт” саясий партиясынан талапкерлердин арыздарын жана талапкерлердин тизмесин тактап берүүнү талап кылган.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2016-жылдын 8-апрелинде (чыг. № 19) “Республика – Ата Журт” саясий партиясынан талапкерлердин такталган арыздары менен Токмок шаардык кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө такталган сунуш түшкөн.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. “Республика – Ата Журт” саясий партиясынын 2016-жылдын 8-апрелиндеги (чыг. № 19) такталган сунушу канааттандырылсын.
2. “Республика – Ата Журт” саясий партиясы тарабынан Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлеринин тизмесинин кезектүүлүгүнө төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Айтиева Бурулкул Токтомамбетовна – № 3төн № 10го;
- Исманов Самат Жекшеналиевич – № 10дөн № 3кө;
- Мамаева Чинара Тынычбековна – № 6дан № 16га;
- Кальченко Виктора Геннадьевича – № 16дан № 6га;
- Сеновозова Ирина Викторовна – № 9дан № 27ге;
- Бообеков Марат Нарынбекович – № 27ден № 9га;
- Мухамбетова Гулкайыр Шайырбековна – № 15тен № 23кө;
- Супумурзаев Юсупмурза Рахиммурзаевич – № 23төн № 15ке;
3. “Республика – Ата Журт” саясий партиясы тарабынан Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесине ушул чечимдин 1, 2-пункттарына ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин. “Республика – Ата Журт” саясий партиясынан депутаттыгына талапкерлеринин катталган тизмеси, киргизилген өзгөртүүлөр менен, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын (тиркелет).
4. Бул чечимдин көчүрмөсү Токмок аймактык шайлоо комиссиясына жана “Республика – Ата Журт” саясий партиясына жөнөтүлсүн.
5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р. Джолбуновго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ