Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим

 ЧЕЧИМ № 14

            “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 35-беренесинин 16-бөлүгүнө ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 30 - пункттарын жетекчиликке алып, ,

ЧЕЧТИ:

            1. Кыргыз Республикасынын Президентин 2011-жылдын 30-октябрындагы шайлоо боюнча Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына
 № 1019, № 1022,№ 1326 шайлоо участкалардын добуш берүү жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду, шайлоо бюллетендерди жана башка шайлоо документацияларды тез тартипте Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына акт боюнча өткөрүп берүү тапшырылсын. Аткаруу мөөнөтү – 1 күн.

            2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

            3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К Джурабаевага  жүктөлсүн.

           

            ТӨРАГА                                                                                         Т.АБДРАИМОВ