21.11.2012 Чечим № 14

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Кыргыз Чоролору” коомдук бирикмесинин Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүү үчүн кол чогултуу боюнча демилгелүү топту каттоо жөнүндө өтүнүч катын карап чыгып, берилген документтер, референдумга чыгарылган маселелер Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 114-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 7, 8, 11-беренелеринин талаптарына дал келбегендигин аныктады.

“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1.2-пункттарына ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ЧЕЧТИ:

1. “Кыргыз Чоролору” коомдук бирикмесинин Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүү үчүн колдорду чогултуу боюнча демилгелүү тобун каттоодон баш тартылсын.  

2. Бул чечимдин көчүрмөсү “Кыргыз Чоролору” коомдук бирикмесинин өкүлүнө берилсин.

3. Бул чечим «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси
М.С. Султановго жүктөлсүн.

 ТӨРАГА                                                                                         Т. АБДРАИМОВ

Бишкек ш, 2012-жылдын 21-ноябры