01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ

Абышев Аскарбек Мусаевичтин 2011 – жылдын 24 – октябрындагы арызын карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин 4 – бөлүгүнө ылайык, “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн  2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ЧЕЧТИ:

 1. Абышев Аскарбек Мусаевичке шайлоо күрөөсүн кайтаруудан баш тартылсын.

2. Абышев Аскарбек Мусаевичке ушул чечимдин көчүрмөсү берилсин.

3. Бул чечим “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын контролдук – текшерүү тобунун жетекчиси А. Т. Асаналиевге жүктөлсүн.

 

         ТӨРАГА                                                                    Т. АБДРАИМОВ

Бишкек ш., 2011-жылдын 1-ноябры