20.02.2014 ЧЕЧИМ №5
«Асаба - улуттук кайра жаралуу партиясы” саясий партиясынын арызын талкуулап, аталган партиянын төрагасы С.Дыйкановду, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Б.И. Сулеймановду, К.К. Исаевди, А.Б.Баатырбековду угуп жана сунушталган маселе боюнча пикирлер менен алмашып, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. «Асаба - улуттук кайра жаралуу партиясы” саясий партиясынын арызында көрсөтүлгөн маалыматтарды кошумча тактоо максатында Сулейманов Бахадыр Искакович тууралуу маселе кийинкиге жылдырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек шаары
2014-жылдын 20-февралы