ЧЕЧИМ №9 2014-жылдын 18-майында өткөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөнн айылдык кенешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесин ачуу жана алардын түзүлгөндүгүн иликтөө жөнүндө

Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча берилген шайлоо документтерди карап жана иликтеп чыгып, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3,5,36,38-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 3, 4, 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1.  Курамына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2 мүчөсү жана аппаратынын кызматкерлери кирген Жумушчу топ түзүлсүн.

2. Жумушчу топ 2014-жылдын 18-майындагы Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу № 5243 “Өзгүр”, № 5244 “Төлөйкөн”, № 5245 “Учар”, № 5246 “Кыргызстан”, № 5247 «Дыйкан-Кыштак–1”, № 5248 «Дыйкан-Кыштак–2”, № 5513 «Дыйкан-Кыштак–3”, № 5550 “Жапалак” участкалык шайлоо комиссияларынан түшкөн шайлоочулардын тизмелери таңгакталган пакеттерди (мүшөктөрдү, кутучуларды), шайлоого катышкан депутаттыкка талапкерлердин, алардын өкүлдөрүнүн, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда ачсын жана тизмелердин абалын иликтеп, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына корутундуну берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Чек ара мамлекеттик кызматына жана 2014-жылдын 18-майына чейинки мезгилде Төлөйкөн айылдык кеңешинин аймагында жашаган жана республиканын аймагынан тышкары автомобиль, аба, темир жолдору аркылуу чыгып жана кайра келбеген шайлоочулары жөнүндө маалымат берүүдө көмөк көрсөтүү боюнча суроо-талап жиберилсин.

4. Бул чечимдин көчүрмөсү Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн

5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                     Т. АБДРАИМОВ