27.10.2021 №996 «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн Алыбаева Жаңыл Ишенбековна талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерди чыгаруу жөнүндө

«Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн Алыбаева Жаңыл Ишенбековна талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерди чыгаруу жөнүндө

 

Алыбаева Жаңыл Ишенбековна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 19-октябрындагы №492 тескемеси менен Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары болуп дайындалгандыгына байланыштуу, ошондой эле Алыбаева Жаңыл Ишенбековнанын 2021-жылдын 26-октябрындагы (кириш № 01-12/3669) талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө жеке арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө арызынын негизинде «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Алыбаева Жаңыл Ишенбековна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылсын. 2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                         Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 27-октябры

№ 996