27.08.2020 № 98 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу коммерциялык эмес уюмдарынын билдирүүсү жана коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө

2020-жылдын 4-октябрына дайындалган

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу коммерциялык эмес уюмдарынын билдирүүсү жана коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө

 

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-1-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, 2020-жылдын 2-июлундагы ПЖ №139 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзүү ниети тууралуу төмөнкү коммерциялык эмес уюмдардан келип түшкөн билдирүүлөр эске алынсын:

- «Келечекке Жол» элдик кеңеш коомдук бирикмеси;

- «Кыргызстандын юридикалык коому» коомдук бирикмеси;

- «Таза Шайлоо Ассоциациясы» Юридикалык жактардын бирикмеси.

 

2. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында коомдук байкоочу болуп катталсын:

1) «Келечекке Жол» элдик кеңеш коомдук бирикмесинен:

- Турсунбек Акун,

- Арымбаев Мелсбек Аманбекович,

- Осконалиева Айганыш Аваскановна;

2) «Таза Шайлоо Ассоциациясы» Юридикалык жактардын бирикмесинен:

- Талканчиев Медер Неербекович.

3. 2-пунктта көрсөтүлгөн катталган коомдук байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

4. Бул чечимаймактык шайлоо комиссияларына жана участкалык шайлоо комиссияларына 1-пунктта көрсөтүлгөн коммерциялык эмес уюмдардын коомдук байкоочуларын мыйзамда белгиленген тартипте каттоо жана аларга белгиленген формадагы күбөлүктөрдү берүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн жөнөтүлсүн.

5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                 Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2020-жылдын 27-августу

№ 98