25.10.2021 №932 Жуков Виталий Юрьевичти №8 Төлөйкөн шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө

Жуков Виталий Юрьевичти

№8 Төлөйкөн шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө

 

2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо өзүн өзү көрсөтүү тартибинде №8 Төлөйкөн шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары Жуков Виталий Юрьевичти каттоо үчүн берген документтеринин негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 601, 61-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун корутундусунун негизинде,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Жуков Виталий Юрьевич №8 Төлөйкөн шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер болуп катталсын.

2. №8 Төлөйкөн шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Жуков Виталий Юрьевичге белгиленген үлгүдөгү күбөлүгү берилсин.

3. Бул чечим «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.


 

ТӨРАГА                                                                                Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 25-октябры

№ 932