25.10.2021 №920 №19 Токтогул шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алыбаев Айбек Ташибековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

№19 Токтогул шайлоо округу боюнча

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алыбаев Айбек Ташибековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

 

2021-жылдын 24-октябрында №19 Токтогул шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алыбаев Айбек Ташибековичтин мурда сунуш кылган, финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 14-октябрындагы №537 чечими менен №19 Токтогул шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алыбаев Айбек Ташибековичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары катталган Алыбаевой Уулбала Ташибековнанын каттоосу жокко чыгарылсын.

2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, №19 Токтогул шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алыбаев Айбек Ташибековичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Алыбаева Уулбала Ташибековнага берилген №392 каттоо ырастамасы анык эмес деп таанылсын.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 25-октябры

№ 920