28.01.2022 № 91 №27 Биринчи май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Джакыпбеков Шадыкан Мырзакановичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө

№27 Биринчи май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн

Джакыпбеков Шадыкан Мырзакановичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө

 

№27 Биринчи май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкер катары көрсөтүлгөн Джакыпбеков Шадыкан Мырзакановичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу жана ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө жөнүндө 2022-жылдын 28-январында (кириш №Д-70) түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 601-беренесинин 3-бөлүгүнүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. №27 Биринчи май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөткөн Джакыпбеков Шадыкан Мырзакановичтин 2022-жылдын 27-февралына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоо шайлоосуна катышуудан баш тартуу тууралуу жана ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө арызы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 27-январындагы №77 чечими менен Бакеев Аскарбек Колхозбековичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоолору жокко чыгарылсын.

3. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Бакеев Аскарбек Колхозбековичке берилген №65, каттоо ырастамасы анык эмес деп таанылсын.

4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.


 

ТӨРАГА                                                                            Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш., 2022-жылдын 28-январы

№ 91