22.10.2021 №836 «Азаттык» демократиялык партиясы» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

2021-жылдын 19-октябрында «Азаттык» демократиялык партиясы» саясий партиясы мурда сунуш кылган, шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө жана шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары А.А. Жапаровту дайындоо жөнүндө билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 3-сентябрындагы № 179 чечими менен «Азаттык» демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары катталган Турдубаев Суйунбек Баатыровичтин каттоосу жокко чыгарылсын.

2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Азаттык» демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Турдубаев Суйунбек Баатыровичке берилген № 33 каттоо күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.

3. «Азаттык» демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Жапаров Азамат Аскарбекович катталсын.

4. «Азаттык» демократиялык партиясы» саясий партиясынын катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө бекитилген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 22-октябры

№836