19.10.2021 №692 №31 Чүй-Кемин шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары «Альянс» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Тарыкбаев Алмаз Нарынбековичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу

№31 Чүй-Кемин шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары «Альянс» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Тарыкбаев Алмаз Нарынбековичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө

 

№31 Чүй-Кемин шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына «Альянс» саясий партиясынан талапкер катары көрсөтүлгөн Тарыкбаев Алмаз Нарынбековичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу 2021-жылдын 18-октябрында (кириш № 01-12/3487) түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 601-беренесинин 3-бөлүгүнүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. №31 Чүй-Кемин шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары «Альянс» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Тарыкбаев Алмаз Нарынбековичтин 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоосуна катышуудан баш тартуу тууралуу арызы эске алынсын.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ Т. ШАЙНАЗАРОВ

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 19-октябры

№ 692