25.01.2022 №62 №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Бейшенбаев Эдиль Нурбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

 

 

2022-жылдын 24-январында №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Бейшенбаев Эдиль Нурбекович мурда сунуш кылган, финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө жана финансылык маселелери боюнча боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Алкадырова Айжан Нурбековнаны дайындоо жөнүндө билдирди. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 4-январындагы №2 чечими менен №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Бейшенбаев Эдиль Нурбековичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары катталган Жусупова Бактыгул Алимжановнанын каттоосу жокко чыгарылсын.

2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Бейшенбаев Эдиль Нурбековичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Жусупова Бактыгул Алимжановнага берилген №13 каттоо ырастамасы анык эмес деп таанылсын.

3. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Бейшенбаев Эдиль Нурбековичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Алкадырова Айжан Нурбековна катталсын.

4. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө бекитилген үлгүдөгү каттоо ырастамасы берилсин.

5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2022-жылдын 25-января

№ 62