15.10.2021 №596 №23 Москва шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Булекбаев Эркин Касымовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
№23 Москва шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн өзү көрсөтүү тартибинде талапкер катары көрсөтүлгөн Булекбаев Эркин Касымовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2021-жылдын 14-октябрындагы (кириш № 01-12/3372) түшкөн арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 601-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 1-октябрындагы №218 чечими менен №23 Москва шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Булекбаев Эркин Касымовичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары катталган Борубаева Гульхан Бираевнанын каттоосу жокко чыгарылсын.
2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, №23 Москва шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Булекбаев Эркин Касымовичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Борубаева Гульхан Бираевнага берилген №61 каттоо ырастамасы анык эмес деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 1-октябрындагы №218 чечими менен №23 Москва шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Булекбаев Эркин Касымовичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары катталган Элебесова Диляра Дердешовнанын каттоосу жокко чыгарылсын.
4. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, №23 Москва шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Булекбаев Эркин Касымовичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Элебесова Диляра Дердешовнага берилген №62 каттоо ырастамасы анык эмес деп таанылсын.
5. №23 Москва шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн өзү көрсөткөн Булекбаев Эркин Касымовичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Султаналиева Салима Молдокуловна катталсын.
6. №23 Москва шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн өзү көрсөткөн Булекбаев Эркин Касымовичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Эргашов Айбек Эргашович катталсын.
7. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалар берилсин.
8. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
9. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 15 -октябры
№ 596