15.10.2021 № 589 №24 Сокулук шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Садалиев Улан Шейшенбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
2021-жылдын 8-октябрында №24 Сокулук шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Садалиев Улан Шейшенбековичтин мурда сунуш кылган, шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө жана шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Швайденко Татьяна Геннадьевнаны дайындоо жөнүндө билдирди. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 8-октябрындагы №371 чечими менен №24 Сокулук шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Садалиев Улан Шейшенбековичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары катталган Стойко Оксана Васильевнанын каттоосу жокко чыгарылсын.
2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, №24 Сокулук шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Садалиев Улан Шейшенбековичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Стойко Оксана Васильевнага берилген № 174 каттоо ырастамасы анык эмес деп таанылсын.
3. №24 Сокулук шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Садалиев Улан Шейшенбековичшайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Швайденко Татьяна Геннадьевна катталсын.
4. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө бекитилген үлгүдөгү каттоо ырастамасы берилсин.
5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 15-октябры
№ 589