14.10.2021 №521 №28 Октябрь шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Керимбеков Бакыт Макеновичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
№28 Октябрь шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн өзү көрсөтүү тартибинде талапкер катары көрсөтүлгөн Керимбеков Бакыт Макеновичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2021-жылдын 13-октябрындагы (кириш № К-715) түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 601-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. №28 Октябрь шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн өзү көрсөткөн Керимбеков Бакыт Макеновичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Гафаров Руслан Ильясович катталсын.
2. №28 Октябрь шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн өзү көрсөткөн Керимбеков Бакыт Макеновичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Кошбакова Гүлүмкан Нарзуллаевна катталсын.
3. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалар берилсин.
- Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 14-октябры
№ 521