13.10.2021 №466 «Партия Зеленых Кыргызстана» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө
2021-жылдын 12-октябрында «Партия Зеленых Кыргызстана» саясий партиясы мурда сунуш кылган, шайлоо жана финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө, жана шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары М. Э. Султанованы жана финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары А.Э. Булекбаеваны дайындоо жөнүндө билдирди.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 167 чечими менен «Партия Зеленых Кыргызстана» саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары катталган Алыбаева Анель Кубанычбековнанын каттоосу жокко чыгарылсын.
2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Партия Зеленых Кыргызстана» саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Алыбаева Анель Кубанычбековнага берилген № 9 каттоо күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 167 чечими менен «Партия Зеленых Кыргызстана» саясий партиясынын финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары катталган Аджибаева Жаныл Бейшеновнанын каттоосу жокко чыгарылсын.
4. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Партия Зеленых Кыргызстана» саясий партиясынан финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Аджибаева Жаныл Бейшеновнага берилген № 10 каттоо күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.
5. «Партия Зеленых Кыргызстана» саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Султанова Мухамад Эгемкуловна катталсын.
6. «Партия Зеленых Кыргызстана» саясий партиясынын финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Булекбаева Алина Эдиковна катталсын.
7. «Партия Зеленых Кыргызстана» саясий партиясынын катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
8. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.
9. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 13-октябры
№ 466