13.10.2021 №465 «Социал-демократтар» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө
2021-жылдын 12-октябрында «Социал-демократтар» саясий партиясы мурда сунуш кылган, шайлоо жана финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө, жана шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Б. Т. Абдыкеримовду жана финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Д. К. Калыкулованы дайындоо жөнүндө билдирди.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 163 чечими менен «Социал-демократтар» саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары катталган Касымбеков Нурбек Айтыевичтин каттоосу жокко чыгарылсын.
2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Социал-демократтар»саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Касымбеков Нурбек Айтыевичке берилген № 1 каттоо күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 163 чечими менен «Социал-демократтар» саясий партиясынын финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары катталган Усубалиев Таалайбек Болотбековичтин каттоосу жокко чыгарылсын.
4. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Социал-демократтар»саясий партиясынан финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Усубалиев Таалайбек Болотбековичке берилген № 2 каттоо күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.
5. «Социал-демократтар»саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Абдыкеримов Бакыт Тилебердиевич катталсын.
6. «Социал-демократтар» саясий партиясынын финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Калыкулова Дамира Кубанычбековна катталсын.
7. «Социал-демократтар» саясий партиясынын катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
8. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.
9. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 13-октябры
№ 465