01.04.2021 №44 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) №1 «макул» үгүт тобунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
2021-жылдын 30-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына №1 «макул» үгүт тобунун жетекчисинен мурда катталган каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн Д.А. Эдигеевди кайра чакыртып алуу жөнүндө арызы (кир. № 01-12/995) келип түшкөн.
Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун чечимин эске алып, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 18-мартындагы № 36 чечими менен катталган №1 «макул» үгүт тобунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Эдигеев Джанат Асылбековичтин каттоосу жокко чыгарылсын.
2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, №1 «макул» үгүт тобунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Эдигеев Джанат Асылбековичке берилген №2 каттоо күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.
3. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) катталган №1«макул» үгүт тобунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Тологонов Данияр Нурдинович катталсын.
4. №1 «макул» үгүт тобунун ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү тиешелүү күбөлүк берилсин.
5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Ж. Эшимовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 1-апрели
№ 44