08.10.2021 №353 №32 Кочкор шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Асанбаев Майрамбек Жекшеновичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө
№32 Кочкор шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Асанбаев Майрамбек Жекшеновичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө
№32 Кочкор шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн өзү көрсөтүү тартибинде талапкер катары көрсөтүлгөн Асанбаев Майрамбек Жекшеновичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу жана ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө 2021-жылдын 7-октябрында (кириш № 01-12/3214) түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 601-беренесинин 3-бөлүгүнүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. №32 Кочкор шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөткөн Асанбаев Майрамбек Жекшеновичтин 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоосуна катышуудан баш тартуу тууралуу жана ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө арызы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 1-октябрындагы №284 чечими менен Жунушалиев Бакытбек Кубанычбековичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоосу жокко чыгарылсын.
3. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Жунушалиев Бакытбек Кубанычбековичке берилген №__ каттоо күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.
4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ Т. ШАЙНАЗАРОВ
Бишкек ш., 2021-жылдын 8-октябры
№ 353