20.01.2022 №35 №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына  талапкер катары көрсөтүлгөн Ибрайманкунов Данияр Омурбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

 

№29 Свердлов шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкер Ибрайманкунов Данияр Омурбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2022-жылдын 18-январындагы  (кириш №И-32) түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын  19-беренесине, 601-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. №29 Свердлов шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн өзү көрсөткөн Ибрайманкунов Данияр Омурбековичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Жээнбеков Доолот Эрмекович катталсын.      

2. №29 Свердлов шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн өзү көрсөткөн Ибрайманкунов Данияр Омурбековичтин финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Алтынбеков Нурдин Алтынбекович катталсын.    

3. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалары берилсин.

4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                       Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                

 

Бишкек ш., 2022-жылдын 20-январы

35