03.10.2021 №317 «Ак-Шам Мекен жана жаратуу» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө
«Ак-Шам Мекен жана жаратуу» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө
2021-жылдын 30-сентябрында «Ак-Шам Мекен жана жаратуу» саясий партиясы мурда сунуш кылган, шайлоо жана финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө, жана шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Эмилбеков Аким Эмилбековичти жана финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Эмилбекова Бактыгуль Сейдакматовнаны дайындоо жөнүндө билдирди.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-сентябрындагы №233 чечими менен «Ак-Шам Мекен жана жаратуу» саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары катталган Бообеков Замирбек Байболотовичтин каттоосу жокко чыгарылсын.
2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Ак-Шам Мекен жана жаратуу» саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Бообеков Замирбек Байболотовичке берилген №141 каттоо ырастамасы анык эмес деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-сентябрындагы №233 чечими менен «Ак-Шам Мекен жана жаратуу» саясий партиясынын финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары катталган Кудайбергенов Кубанычбек Молдокматовичтин каттоосу жокко чыгарылсын.
4. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Ак-Шам Мекен жана жаратуу» саясий партиясынан финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Кудайбергенов Кубанычбек Молдокматовичке берилген №142 каттоо ырастамасы анык эмес деп таанылсын.
5.«Ак-Шам Мекен жана жаратуу» саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Эмилбеков Аким Эмилбекович катталсын.
6. «Ак-Шам Мекен жана жаратуу» саясий партиясынын финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Эмилбекова Бактыгуль Сейдакматовна катталсын.
7. «Ак-Шам Мекен жана жаратуу» саясий партиясынын катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү каттоо ырастамалар берилсин.
8. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
9. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 3-октябры
№ 317