01.10.2021 №300 КР ЖКнын депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Агентство социальных технологий» коомдук бирикмесинин билдирүүсү жана коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө
2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Агентство социальных технологий» коомдук бирикмесинин билдирүүсү жана коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-1-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, 2021-жылдын 29-августундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» ПЖ № 370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, «Агентство социальных технологий» коомдук бирикмесинин 2021-жылдын 23-сентябрындагы (кир.№04-13/3075) билдирүүсүнүн жана 2021-жылдын 28-сентябрындагы (кир.№04-13/3124 жолдомосунун негизинде,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Агентство социальных технологий» коомдук бирикмесинен келип түшкөн билдирүү эске алынсын.
2. 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында «Агентство социальных технологий» коомдук бирикмесинен коомдук байкоочулар болуп катталышсын:
- Кочорбаева Зульфия Ирисовна,
- Исланбекова Бактыгуль Исланбековна,
- Джанаева Ольга Николаевна.
3. 2-пунктта көрсөтүлгөн «Агентство социальных технологий» коомдук бирикмесинин коомдук байкоочуларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
4. Бул чечим төмөн турган шайлоо комиссияларына 1-пунктта көрсөтүлгөн коммерциялык эмес уюмдун коомдук байкоочуларын мыйзамда белгиленген тартипте каттоо жана аларга белгиленген формадагы күбөлүктөрдү берүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ Т. ШАЙНАЗАРОВ
Бишкек ш., 2021-жылдын 1-октябры
№ 300