14.12.2020 №294 2021-жылдын 10-январына дайындалган КРнын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу коммерциялык эмес уюмдарынын билдирүүсү жана коомдук байкоочуну каттоо жөнүндө
2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу коммерциялык эмес уюмдарынын билдирүүсү жана коомдук байкоочуну каттоо жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-1-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын«Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо жѳнүндѳ» 2020-жылдын 24-октябрындагы № 263 токтомун, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2021-жылдын 10-январынадайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзүү ниети тууралуу төмөнкү коммерциялык эмес уюмдардан келип түшкөн билдирүүлөр эске алынсын:
- «Эл коррупцияга каршы!» коомдук бирикмеси;
- «Агентство социальных технологий» коомдук бирикмеси.
2. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында «Эл коррупцияга каршы!» коомдук бирикмесинен коомдук байкоочу болуп Орозбаков Алмас Сатаркулович катталсын.
3. «Эл коррупцияга каршы!» коомдук бирикмесинен коомдук байкоочу Орозбаков Алмас Сатаркуловичке белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
4. Бул чечим аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына 1-пунктта көрсөтүлгөн коммерциялык эмес уюмдардын коомдук байкоочуларын мыйзамда белгиленген тартипте каттоо жана аларга белгиленген формадагы күбөлүктөрдү берүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 14-декабры
№ 294