28.10.2024 №288 Аралыктан добуш берүүгө арыздарды кабыл алуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ № 256 Жарлыгы менен дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып  жарандардын шайлоо укуктарын  камсыз кылуу максатында,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүү ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу мөөнөтүн 2024-жылдын 5-ноябрына чейин узартылсын.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3.Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырылсын.

 

 

ТӨРАГА                                                                  Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 28-октябры

№ 288