29.06.2024 №241 №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн жүрүршүндѳ келип түшкөн шайлоо мыйзамдарын бузуулар жө

2024-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – БШК) жыйынында №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн жүрүшүндѳ келип түшкөн шайлоо мыйзамдарын бузуулар боюнча укук коргоо органдары тарабынан кабыл алынган чаралар жѳнүндѳ Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун маалыматы угулду.

Жыйында ЫЧКТнын координатору, БШКнын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаров тарабынан үч округда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоодо келип түшкөн шайлоо мыйзамдарын бузуулар жөнүндө билдирүүлѳр жана арыздар боюнча укук коргоо органдары тарабынан кѳрүлгѳн чаралар жѳнүндѳ баяндама берилди.

Т.У.Шайназаров бардык келип түшкөн билдирүүлѳр дароо каралып, укук коргоо органдарына укуктук баа берүүгө жөнөтүлгөнүн белгиледи.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынын бөлүм башчысы А.А.Дуйшеналиевдин маалыматы угулду, үч округ боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө келип түшкөн шайлоо мыйзамдарын бузуулар жөнүндө билдирүүлөр жана арыздар боюнча укук коргоо органдары тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди.

А.А.Дуйшеналиев 2024-жылдын 29-июнуна карата ЭЖУИде 42 материал катталганын билдирди, анын ичинде:

- 3 материал №29 Свердлов округу боюнча;

- 34 материал №5 Ноокат округу боюнча;

- 5 материал № 36 Ысык-Көл округу боюнча.

А.А.Дуйшеналиев 33 материал боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде «кылмыш курамынын жок болгондугуна» байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тартылганын белгиледи. Прокуратура тарабынан тергөө органдарынын чечимдерин текшерилип, анын жыйынтыгы боюнча чечимдер мыйзамдуу жана негиздүү деп табылган.

Мындан тышкары, 6 материал боюнча текшерүү жүргүзүлүүдѳ, алардын бири боюнча Бишкек шаарындагы Свердлов районунун ИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча №03-003-2024-001903 кылмыш иши козголгон.

Укук коргоо органдарынын жана прокуратура органдарынын маалыматын угуп жана талкуулап, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 4-февралдагы №33 токтому менен бекитилген «Ыкчам чара кѳрүүнүн координациялык тобунун (ЫЧКТ) ишинин тартиби жөнүндө» жобону жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн жүрүшүндѳ келип түшкөн шайлоо мыйзамдарын бузуулар боюнча укук коргоо органдары жана прокуратура органдары тарабынан кабыл алынган чаралар жѳнүндѳ Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун маалыматы эске алынсын.

2. Укук коргоо органдарына шайлоо процессинин алкагында өз убагында чечимдерди кабыл алуу үчүн шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча келип түшкөн билдирүүлөргѳ, арыздарга жана көрүлгөн чараларга толук талдоо жүргүзүү, бардык материалдар боюнча текшерүүнү аяктоо сунушталсын.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Ыкчам чара кѳрүү координациялык тобунун жетекчиси Т.У.Шайназаровго жүктѳлсүн.

 

ТѲРАГА                                                                                                       Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2024-жылдын 29-июну

№241