26.04.2024 №98 № 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Б.А. Эргешовго карата арыздар жѳнүндѳ
№ 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Б.А. Эргешовго карата арыздар жѳнүндѳ
2024-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам чара кѳрүүнүн координациялык тобуна (мындан ары – ЫЧКТ) №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлер Б.Т.Мамаджановдон, К.А. Кадыровдон, А.А. Мамаевден, Н.И. Танабаевден, А.А. Абдугапаровдон көрсөтүлгөн округ боюнча талапкер Б.А. Эргешов тарабынан административдик ресурстарды кыянатчылык менен пайдалануу фактылары жөнүндө жана бул фактыларга укуктук баа берүү тууралуу жамааттык арыз келип түшкөн.
Ошондой эле, аталган талапкерге карата жогоруда кѳрсѳтүлгѳн фактыларды кѳрсѳтүү менен талапкер Б.Арзибаевден арыз келип түшкөн, ал талапкер Б.А. Эргешовго карата мыйзамда каралган чараларды кабыл алууну ѳтүнгѳн.
Арыздарда үгүт иш-чараларынын жүрүшүндө №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Б.А. Эргешов мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды тартуу менен системалуу түрдө административдик ресурстарды колдонуп жаткандыгы, ошондой эле кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында аталган мыйзам бузуулар үчүн Ош шаарынын мэриясынын айрым кызмат адамдары ээлеген кызматынан бошотулгандыгы белгиленди.
Арыздарда журналист Ы.Исаковдун «Ютуб» видеохостингинде талапкер Б.А.Эргешовдун шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузгандыгы тууралуу видеорепортажына шилтеме келтирилген, анын мазмуну башка массалык маалымат каражаттарында активдүү тараган.
Ошондой эле, буга чейин талапкер Б.А. Эргешов тарабынан муниципалдык инфраструктура объектилерине үгүт материалдарын жайгаштыруу эрежелерин бузуулар боюнча фактылар тууралуу арыздар келип түшкѳн, алар боюнча 2024-жылдын 25-апрелинде Ош округдук шайлоо комиссиясы тарабынан аларды демонтаждоону милдеттендирүү менен эскертүү берилген.
2024-жылдын 25-апрелинде ЫЧКТ ишинин алкагында бул арыздар боюнча маалымат юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жана Ош округдук шайлоо комиссиясынын ЫЧКТга жөнөтүлгөн.
2024-жылдын 26-апрелинде Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынына талапкерлер Б.Т. Мамаджановго, Б.О. Арзибаевге, К.А. Кыдыровго, Н.И. Танабаевге, талапкер Б.А.Эргешовго, Ош шаардык прокуратурасынын өкүлү К.Ж. Насиповго, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өкүлү К.А. Тургуналиевге, Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси А. Кубатбек уулуна тиешелүү түрдө билдирилген, алар чакырылган жана катышкан.
Арыз ээлери өз сөзүндө арыздарда көрсөтүлгөн административдик ресурсту кыянатчылык менен пайдалануу фактыларын айтышып, талапкер Б.А. Эргешовго карата аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоону жокко чыгарууга чейинки мыйзамда каралган жоопкерчилик чарасын колдоону ѳтүнүштү.
Жыйында талапкер Б.А. Эргешовдун ѳзү жана анын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү М. Обозов да чыгып сүйлѳшүп, шайлоо штабынын аракеттеринде шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин бузуулар болбогондугун белгилешти.
Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчисинин маалыматына ылайык, кызматтык иликтөөнүн натыйжасында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Б.А. Эргешовдун шайлоо алдындагы үгүт иштерине Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык органдарынын айрым кызматкерлеринин катыштыгы бар экендиги аныкталган, аларга карата тартиптик жаза чаралары колдонулган: «Сулайман-Тоо» МТУнун жетекчисинин орун басары Р. Эгамбердиев ээлеген кызматынан бошотулган; Ош шаардык мэриясынын маданият башкармалыгынын башчысы Э.Кадыркуловго сөгүш жарыяланган; Ош шаардык мэриясынын башкармалыгынын башчысы К. Имаровго жана «Ошсууканал» муниципалдык ишканасынын директору Д. Кокочоровго эскертүүлөр берилген.
Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан берилген маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Б.А. Эргешовдун шайлоо штабына катышуу фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүп, материал №02-141-2024-000095 МЭЖне катталган.
Прокурордун таасир этүү актысына ылайык, тартиптик жоопкерчиликке «Ошсууканал» ишканасынын директорунун орун басары Байкишиев Т., Ош шаарынын мэриясынын адиси Камчы уулу К. жана Ош шаарынын аймактык суу транспорт башкармалыгынын башчысы Б. Жолдошбаев тартылган.
2024-жылдын 26-апрелиндеги жыйынында арыз ээлеринин, ыйгарым укуктуу органдардын өкүлдөрүнүн маалыматын угуп жана иликтеп чыгып, Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкүдөй жыйынтыкка келет.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары - конституциялык Мыйзам) 22-беренесинин 15-бөлүгүнө ылайык: «Жогорку Кеңештин депутаттарын кошпогондо, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар, мамлекеттик саясий кызмат орундарын, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, диний ишмерлер, кайрымдуулук иштери менен алектенишкен уюмдардын уюштуруучулары жана мүчөлөрү, 18 жашка толо элек адамдар, чет элдик жарандар жана уюмдар, жарандыгы жок адамдар, аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлери үгүт жүргүзүүгө, кандай болбосун үгүт материалдарын чыгарууга жана таркатууга укуксуз».
Жогоруда аталган конституциялык Мыйзамдын 21-1-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык: «Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу - бул талапкерлер, кызмат адамдары, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жетекчилери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмаларынын мүчөлөрү жана уюштуруучулары шайлоодо, алардын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларды же мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик (муниципалдык) катышуунун үлүшү 30 пайыздан ашкан ишканалардын жумушчуларын контролдоосунун, бардык талапкерлердин теңдигин бузган тигил же бул талапкерлерди, саясий партияларды колдоонун саясий же башка формаларына өзгөрүп кетиши мүмкүн болгон финансыны жана аны бөлүштүрүүнү контролдоонун натыйжасында алынган адамдык, финансылык, материалдык, медиалык, институционалдык ресурстарды мыйзамсыз пайдаланышы».
Ошону менен бирге, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык: «Административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануунун түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет: талапкерди көрсөтүүгө жана (же) шайлоого өбөлгө болгон ишти жүзөгө ашыруу үчүн карамагындагы же башка кызматтык көз карандылыкта турган адамдарды, башка мамлекеттик же муниципалдык кызматчыларды, мамлекеттик же муниципалдык билим берүү уюмдарынын жана саламаттык сактоо мекемелеринин кызматчыларын, республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерин, аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлерин тартуу».
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-1- беренесинин 6-бөлүгүнѳ ылайык: «Ушул берененин талаптарын бузган адамдар мыйзамдарда каралган жазык же болбосо башка жоопкерчиликти тартат».
Конституциялык мыйзамдын 21-1-беренесинин жогоруда көрсөтүлгөн нормаларын бузгандыгы үчүн талапкердин жоопкерчилиги «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктунун нормасы менен белгиленет: «талапкер, анын өкүлдөрү талапкерди шайлоо максатында административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбей тургандыгы жөнүндө ушул конституциялык Мыйзамдын 21-1-беренесинде каралган талаптарды бузганда талапкердин каттоосу жокко чыгарылат».
Берилген жана колдо болгон материалдардан көрүнүп тургандай, Ош шаарынын муниципалдык кызматтарынын айрым кызматкерлери, анын ичинде муниципалдык кызматкерлер талапкер Б.А.Эргешовдун шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышкан.
Ошондуктан, Борбордук шайлоо комиссиясы №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Б.А. Эргешовдун иш-аракетинде “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бѳлүгүнүн, 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун талаптарын бузуу болгондугун белгилейт.
Жогорудагылардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-1, 22, 46-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун (ЫЧКТ) ишинин тартиби жөнүндө» жобого ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Эргешов Бекмурза Аскарбаевичтин каттоосу жокко чыгарылсын.
2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул чечимдин көчүрмөсү Б.А. Эргешовго жѳнѳтүлсүн.
4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Ыкчам чара кѳрүү координациялык тобунун жетекчиси Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2024-жылдын 26-апрели
№ 98