26.04.2024 №97 №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер М.Б. Маматкуловго карата материалдар жөнүндө

№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер

М.Б. Маматкуловго карата материалдар жөнүндө

 

2024-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер М.Б. Маматкулов тарабынан шайлоочулардын добуштардын сатып алуу мүмкүндүгү жөнүндө Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынан (мындан ары – Ош шаарынын ИИБ ТК) маалымат келип түшкөн. Бул маалымат 2024-жылдын 18-апрелинде чыг.№2 №02-041-2024-001124 менен МЭЖне катталган.

Ош шаарынын ИИБ ТК алынган маалыматка караганда, талапкер М.Маматкуловдун агитаторлору Мамаджанова Г., Хамдамова Д., Парпиев Х. жана Мадазимов Ы. кийин М. Маматкуловдун пайдасына добуш берүү үчүн ар бирине 5000 (беш миң) сомдон төлөп берүү убадасы менен шайлоого 20 шайлоочуну шайлоого алып келүү боюнча тапшырма бергендиги аныкталган.

2024-жылдын 22-апрелинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы менен «кылмыштын курамы жок болгондуктан» (добуштарды сатып алуу) кылмыш ишин козгоодон баш тартылган.

2024-жылдын 23-апрелинде Ош шаарынын прокуратурасы кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечими жокко чыгарылган. Материалдар кошумча текшерүү үчүн Ош ШИИБ ТК кайтарылды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын 2024-жылдын 25-апрелиндеги №02-041-2024-001124-01-002-000584 токтомуна ылайык талапкер М.Б. Маматкулов 19 агитатордун ар бирине 5000 (беш миң) сомдон айлык акы, шайлоо фондунун атайын эсебиндеги каражаттарды айланып өтүү менен жалпысынан  95 000 (токсон беш миң) сом суммасындагы накталай акча төлөгөн. Бул материал Ош округдук шайлоо комиссиясына жиберилген.

Ошол эле учурда, 2024-жылдын 25-апрелинде Ош шаардык ИИБнин ТК тарабынан жүргүзүлгөн кошумча текшерүүнүн жыйынтыгында «кылмыштын курамы жок болгондуктан» (добуштарды сатып алуу) кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Бул чечимдин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан текшерилген.

Борбордук шайлоо комиссиясы 2024-жылдын 26-апрелиндеги жыйынында жогорудагы материалдарды шайлоо мыйзамдарынын алгакында карады.

«Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 41-беренесинин 8, 9-бөлүктөрүнө ылайык:

«8. Шайлоо фонддорунун каражаттары максаттуу болот. Алар шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн.

9. Шайлоо фонддорунун каражаттары төмөнкүлөргө гана пайдаланылышы мүмкүн:

1) шайлоо алдындагы үгүткө, талапкерди колдоо үчүн кол чогултууга багытталган уюштуруу-техникалык чараларды финансылык камсыздоого;

2) ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген өлчөмдө шайлоо күрөөсүн төлөөгө;

3) шайлоо өнөктүгүн өткөрүү менен түздөн-түз байланышкан жумуштарды аткарууга, кызматтарды көрсөтүүгө төлөөгө».

Ошондой эле, конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 14-бөлүгүнө ылайык:

«Шайлоо өнөктүгүн өткөрүү менен байланышкан иштерди (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруу (берүү) үчүн талапкердин, саясий партиянын жана жеке, юридикалык жактардын ортосундагы эсептешүүлөр накталай эмес тартипте гана жүзөгө ашырылат».

Конституциялык Мыйзамынын 42-беренесинин 1,2-бөлүктөрүнө ылайык:

«1. Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарын түзүүнүн жана чыгымдоонун тартибин көзөмөлдөө шайлоо комиссиялары тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышын көзөмөлдөө, ошондой эле талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарынын келип түшүү булактарын, каражаттардын туура эсептелишин жана пайдаланылышын көзөмөлдөө, талапкерлердин, саясий партиялардын каржылык отчетторун текшерүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында саны 7 кишиден аз эмес көзөмөлдөө-текшерүү тобу түзүлөт.».

Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Көзөмөлдөө-текшерүү тобу (мындан ары - КТТ) бул фактыны текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй корутундусун берди:

«Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу автоматтык түрдө келип түшкөн «РСК Банк» ААКнын банктык маалыматына ылайык, талапкер М.Б. Маматкуловдун шайлоо фондунун атайын эсебине 2024-жылдын 26-апрелине карата 851 900 (сегиз жүз элүү бир миң тогуз жүз) сом түшкөн.

Талапкер М.Б.Маматкуловдун шайлоо фондунан шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө кеткен чыгымдарын жабууга 450 050 (төрт жүз элүү миң элүү) сом жумшалдган.

2024-жылдын 26-апрелине карата банктык маалыматта агитатордук кызмат көрсөтүү боюнча келишимдер боюнча агитаторлорго акы төлөө фактысы жок.

Ошону менен бирге Ош округдук комиссиясынын төрайымы К.Т. Бердибекова М.Б. Маматкулов тарабынан финансылык отчет документтери менен өз убагында берилбегендигин маалымдады, ал эми «Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алынган банктык маалымат реалдуу убакыт режиминде М.Б. Маматкуловдун шайлоо фондунан акча каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө бардык толук маалыматты көрсөтөт.

Конституциялык Мыйзамдын 46-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык: «Талапкердин каттоосу төмөнкү учурларда чыгарылат:

- өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоодо талапкер шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары, талапкердин шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланганда, же талапкер өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды шайлоо фондундагы каражаттардын бардык чыгымдарынын белгиленген суммасынын чегинен 0,5 пайыздан ашык чыгымдаганда».

2024-жылдын 26-апрелиндеги КТТнын корутундусун эске алуу менен, ага ылайык шайлоо фондунан тышкары пайдаланылган 95 000 (токсон беш миң) сом М.Б. Маматкулов талапкердин шайлоо фондунун атайын эсебине келип түшкөн каражаттардын жалпы суммасынын (851 900 сом)  11,15%ын түзөрүн эске алып, конституциялык Мыйзамдын 46-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер М.Б. Маматкуловдун каттоосун жокко чыгарууну максатка ылайыктуу деп эсептейт.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41, 42, 46-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, 2024-жылдын 26-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун корутундусун эске алуу менен,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1.  №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Максатбек Борубаевич Маматкуловдун каттоосу жокко чыгарылсын.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

3. Бул чечимдин көчүрмөсү Ош шаардык ИИБ тергөө кызматына жана М.Б. Маматкуловго жөнөтүлсүн.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун жетекчиси Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА       

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 26-апрели

97 1 октября 2021 года