26.06.2024 №228 №5 Ноокат шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарыгына талапкер Б.А. Мариповдун ишенимдүү адамы А. Набиеванын И. Нарматовго карата арызы жѳнүндѳ

2024-жылдын 21-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Б.А.Мариповдун ыйгарым укуктуу өкүлү А.Набиевадан арыз (№12/1175, 21.06.2024-ж.) келип түшкөн, анда ѳзүн талапкер А.Т.Абдивалиевдин агитаторумун деген И.Нарматов топко мессенджер «WhatsApp» аркылуу «Атасы кетип баласы Мамлекетти жегени келеби. Мариповдор качан токтойт» деген видеоматериалдарды таркаткан.

А.Набиева таркатылган ушул материал талапкер Б.Мариповдун ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирерин билдирип, материалды текшерүүнү ѳтүнгѳн. Арызга сүрөт (скриншот) жана видео (You Tube шилтеме) тиркелген.

2024-жылдын 24-июнунда Арыздырды жана даттанууларды кароо, маалымат маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун жыйынында А.Набиеванын арызы каралып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Б.Мариповдун ишенимдүү адамы А.Набиеванын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер А.Абдивалиевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Афтандил уулунун билдирүүлѳрү угулган.

Бул видеоматериалдар боюнча укук коргоо органдарына кайрылганын А.Набиева билдирди. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча бул видеоматериалдар You Tube платформасында реалдуу эмес (фейк) аккаунттар аркылуу жайгаштырылган жана каналдын авторунун ким экендигин аныктоо мүмкүн болгон жок.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер А.Абдивалиевдин агитатору Т.Афтандил уулу агитатор И.Нарматовго тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, «WhatsApp» мессенджеринде И.Нарматов бөлүшкөн видеотасма өчүрүлгөнүн билдирген.

Жыйында Ноокат райондук ИИБ башчысы Т.А.Өскөналиевдин маалыматы угулуп, ал А.Набиеванын арызы боюнча Ноокат районунун Тергөө кызматы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлгѳндүгүн билдирди. Жыйынтыгында райондук ИИБнин Тергөө кызматы кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү боюнча «кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу» кылмыш ишин козгоодон баш тартылган.

Арыздарды жана даттанууларды кароо, маалымат маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топ БШКга А.Набиеванын арызын канааттандыруудан баш тартууну сунуштайт.

Бул видео ютуб айдыңында белгисиз бирөөлөр тарабынан жүктөгөндүгүн эске алап, Борбордук шайлоо комиссиясы И.Нарматовдун аракеттеринен шайлоо мыйзамдарын бузуулардын белгилерин таба алган жок.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Арыздарды жана даттанууларды кароо, маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун чечимин эске алуу менен, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. А.Набиеванын арызын канааттандыруудан баш тартылсын.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо, маалымат маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси У.Жылкыбаевге жүктѳлсүн.

 

ТѲРАГА                                                                                                          Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 26-июну

№228