26.06.2024 №227 Facebook» баракчасында Заирова Нуркыздын жарыяланмасы тууралуу Н.А.Заировдун арызы жөнүндө (Ал-Хоразмий мектеп гимназиясынын мугалими)
2024-жылдын 20-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) Н.А.Заировдон арыз (№З-21/2, 20.06.2024-ж.) келип түшкөн, мамлекеттик кызматкер тарабынан Аль-Хоразмий гимназиясынын мугалими Заирова Нуркыз Фейсбук социалдык тармагында №5 Ноокат шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына талапкер Б.А.Мариповду колдогон материал жарыялаган арыз ээси бул маалыматты текшерип, юридикалык баа берүүнү суранган (арызга фотоскриншоттор тиркелет).
2024-жылдын 24-июнунда Н.А.Заировдун арызы Арыздарды жана даттанууларды кароо, маалымат маселелерин жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун жыйынында каралып, анда арыз ээси Н.А.Заировдун, №5 Ноокат шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Б.А.Мариповдун ыйгарым укуктуу өкүлү А.Набиеванын билдирүүлѳрү угулду.
А.Набиева талапкер Б.А.Мариповдун штабына мугалим Заирова Нуркыз чакырылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди. Ал ошондой эле Заирова Нуркыздын талапкер Б.А.Мариповдун штабына эч кандай тиешеси жок экенин жана жөн гана Фейсбук социалдык тармагына талапкерлердин үгүт иш-чарасына катышкан сүрөттөрүн бөлүшкѳнүн билдирген. Мындан тышкары, А.Набиева Заирова Нуркыз 2024-жылдын июнь айынын башынан бери ѳргүүдѳ жүргѳнүн жана талапкер Б.А.Мариповдун үгүт иш-чарасына жумуш убактысынан тышкары катышканын баяндады.
Арыздарды жана даттууларды кароо, маалымат маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топ БШКга Н.А.Заировдун арызын канааттандыруудан баш тартууну сунуштайт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Арыздарды жана даттууларды кароо, маалымат маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун чечимин эске алуу менен, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Н.А.Заировдун арызын канааттандыруудан баш тартылсын.
2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо, маалымат маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси У.Жылкыбаевге жүктѳлсүн.
ТѲРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2024-жылдын 26- июну
№227