25.07.2024 №249 №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо участкалары үчүн көрнөктүн жана календардын тексттерин бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8, 10-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» 2024-жылдын 24-июлундагы ПЖ №204 Жарлыгынын негизинде,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылдын 22-сентябрына дайындалган №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо участкалары үчүн көрнөктүн жана календардын тексттери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2024-жылдын 25-июлу
№ 249