25.07.2024 №248 №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча жумушчу топторду түзүү жөнүндө
«№13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 24-июлундагы №204 Жарлыгы менен дайындалган №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, шайлоонун айкындуулугуна көмөктөшүү, талапкерлер үчүн тең жана калыс шарттарды түзүү, үгүт жүргүзүүдө жарандардын шайлоо укуктарын сактоо, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын, алардын кызмат адамдарынын, саясий партиялардын жана башка органдардын, уюмдардын аракеттерине (аракетсиздиктерине) же чечимдерине карата даттануу мүмкүнчүлүгүн берүү, ошондой эле саясий партиялардын шайлоо фонддоруна акча каражаттарынын түшүү булактарын, туура эсепке алууну жана пайдаланууну контролдоо, шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жана жарандарды көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымдоого ыкчам чара көрүү максатында,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө төмөндөгүдөй жумушчу топтору түзүлсүн:
- Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан сунушталган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшеруу боюнча жумушчу тобу;
- Маалымдоо жана үгүт эрежелеринин маселелери, арыз жана даттанууларды кароо боюнча жумушчу тобу;
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу көзөмөлдөө-текшерүү (шайлоолорду жана шайлоо фонддорун каржылоо) тобу;
- Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобу.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы, 1-пунктта көрсөтүлгөн жумушчу топтордун курамын бекитсин.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараты Сузак округдук шайлоо комиссиясына жана ал түзгөн жумушчу топторго усулдук жардамды көрсөтсүн.
4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабековага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2024-жылдын 25-июлу
№248