16.09.2021 №248 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына №11 Алай шайлоо округу боюнча талапкер катары өзүн өзү көрсөткөн Ибраимов Санжар Кубанычбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына №11 Алай шайлоо округу боюнча талапкер катары өзүн өзү көрсөткөн Ибраимов Санжар Кубанычбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
Жогорку Кеңешинин депутаттыгына №11 Алай шайлоо округунан өзүн өзү көрсөтүү тартибинде талапкер катары көрсөтүлгөн Ибраимов Санжар Кубанычбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2021-жылдын 15-сентябрындагы кир. № И-349 түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, 601-беренесинин 3-бөлүгүнүн, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына №11 Алай шайлоо округунан талапкер катары өзүн өзү көрсөткөн С. К. Ибраимовдун шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Ибраимов Кубанычбек Ибраимович катталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына №11 Алай шайлоо округунан талапкер катары көрсөтүлгөн С. К. Ибраимовдун финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Кубанычбек уулу Бакытбек катталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына №11 Алай шайлоо округунан талапкер катары өзүн өзү көрсөткөн Ибраимов Санжар Кубанычбековичтин катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү каттоо ырастамалар берилсин.
4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын
5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 16 сентябры
№ 248