23.05.2024 №125 А.Т. Сасыбаеваны жана Т.А. Кенесариеваны №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Алмаз уулу Аскардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары каттоо ж

А.Т. Сасыбаеваны жана Т.А. Кенесариеваны №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Алмаз уулу Аскардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары каттоо жөнүндө

 

№29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Алмаз уулу Аскардын ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө 2024-жылдын 21-майындагы (кириш № 12/916) түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 601-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алмаз уулу Аскардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:

 –  Сасыбаева Асылкүл Токуровна, шайлоо маселелери боюнча;

Кенесариева Тамара Абдыкадыровна, финансы маселелери боюнча.

2. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөргө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалары берилсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, талапкерлер, саясий партиялар тарабынан сунушталган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшеруу боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 23-майы

№ 125