22.04.2023 №35 №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары «Легалайз» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Мадылбеков Эльдар Туратбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары «Легалайз» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Мадылбеков Эльдар Туратбековичтин ыйгарым
укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
«Легалайз» саясий партиясынын 2023-жылдын 20-апрелиндеги кезексиз съездинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан талапкерди көрсөтүү жөнүндө №3 чечиминин, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Мадылбеков Эльдар Туратбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2023-жылдын 20-апрелиндеги (кириш № 12/574) түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 601-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Мадылбеков Эльдар Туратбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
шайлоо маселелери боюнча – Абытов Акжол;
финансы маселелери боюнча – Хафизов Эльдар Аркинтайевич.
2. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөргө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалары берилсин.
3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2023-жылдын 22-апрели
№ 35