16.02.2022 №172 №27 Биринчи май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Дамирбек Тайырбекович Давляновдун шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө
№27 Биринчи май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Дамирбек Тайырбекович Давляновдун шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө
№27 Биринчи май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Дамирбек Тайырбекович Давляновдун шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө 2022-жылдын 15-февралында (кириш №01-14/289) түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 61-беренесинин 10-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. №27 Биринчи май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Д.Т. Давляновдун 2022-жылдын 27-февралына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын кайра шайлоосуна катышуудан баш тартуу тууралуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө арызынын негизинде катталган талапкердин каттоосу жокко чыгарылсын.
2. №27 Биринчи май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкер Д.Т. Давляновдун Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 23-январындагы №49 чечими менен катталган шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.У. Есенбаевдин, финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.А. Линин каттоосу жокко чыгарылсын.
3. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары А.У. Есенбаевга берилген №48, финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Т.А. Лиге берилген №49 каттоо ырастамалар анык эмес деп таанылсын.
4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2022-жылдын 16-февралы
№ 172