17.08.2023 №192 №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнчаКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Токтокучук Болотбекович Мамытовдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнчаКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Токтокучук Болотбекович Мамытовдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө

 

2023-жылдын 16-августунда №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мамытов Токтокучук Болотбекович мурда сунуш кылган, шайлоо боюнча жана финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө жана шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Д.М. Алымкуловду, финансы маселелери боюнча Ж. К. Орозбекованы дайындоо жөнүндө билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 11-августундагы №167 чечими менен катталган №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Т. Б.  Мамытовдун шайлоо боюнча – Т.А. Токоев, финансы маселелери боюнча – С.А. Поляков ыйгарым укуктуу өкүлү катары каттоолору жокко чыгарылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 11-августундагы №167 чечими менен катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөргө берилген каттоо ырастамалар анык эмес деп таанылсын.

3. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Т.Б. Мамытовдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:

шайлоо боюнча – Алымкулов Дайырбек Мыктыбекович;

финансы маселелери боюнча – Орозбекова Жамал Калмашовна.

4. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөргө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалары берилсин.

5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону өткөрүүдө талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш., 2023-жылдын 17-августу

192