16.11.2024 № 303 Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын  2024-жылдын 16-ноябрындагы №40/5 чечимине Б.Т.  Абдыкеримовдун арызы жѳнүндѳ

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын  2024-жылдын 16-ноябрындагы №40/5 чечимине Б.Т.  Абдыкеримовдун арызы жѳнүндѳ

 

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - БШК)  Б.Т. Абдыкеримовдон Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 16-ноябрындагы №40/5 чечимине арыз келип түшкөн.  

Арыз ээси Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечимине макул эместигин билдирип, «Жаңы Күч – Новая сила» партиясы үгүт жүргүзүү мөөнөтү бою Кыргызстан элинин ассамблеясынын жетекчиси жолугушуулардын биринде катышкандыгы тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын айдыңында жарыялаган.
Арыз ээсинин пикири боюнча, Кыргызстан элинин ассамблеясынын жетекчисинин үгүт иш-чараларына катышуусу шайлоо мыйзамдарын бузуу болуп саналат, себеби административдик ресурс колдонулууда.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) электрондук маалыматтар базасына ылайык, менчигинин формасы боюнча Кыргызстан элинин ассамблеясы коомдук бирикме болуп саналат.

Ушуга байланыштуу, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 16-ноябрындагы №40/5 чечимин БШК мыйзамдуу жана негиздүү деп эсептейт, себеби «Жаңы Күч – Новач сила» саясий партиясынын аракеттеринде үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин бузуулар аныкталган эмес деп эсептейт.

Жогоруда баяндалгандардын  негизинде, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин,  “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы №212 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссияларынын кароосунун тартиби жөнүндө» жобого ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ  КЫЛАТ:

1. Б.Т. Абдыкеримовдун  арызы канааттандыруудан баш тартылсын.

2. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 16-ноябрындагы №40/5 чечими күчүндѳ калтырылсын.

3. Ушул чечим  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо, маалымдоо маселелери жана   үгүт  эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси У.К. Жылкыбаевге жүктѳлсүн.

 

ТѲРАГА                                                                  Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 17-ноябры

№ 303