15.05.2024 №115 2024-жылдын 28-апрелинде болуп өткөн №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жүрүшүндө талапкерлердин шайлоо кампанияларын каржылоо тууралуу

2024-жылдын 28-апрелинде болуп өткөн №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жүрүшүндө талапкерлердин шайлоо кампанияларын каржылоо тууралуу Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун маалыматы жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу (мындан ары - Көзөмөлдөө-текшерүү тобу) 2024-жылдын 28-апрелинде болуп өткөн №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышкан талапкерлердин шайлоо кампанияларын каржылоо тууралуу төмөнкүлөрдү билдирет.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары - конституциялык Мыйзам) 41-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык: «жарандар талапкерликке көрсөтүлгөн учурдан тартып жана каттоо үчүн документтерди бергенге чейин шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн өздөрүнүн шайлоо фонддорун ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте түзөт».

№2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлер шайлоо фонддорунун атайын эсептерин мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө, БШК аныктаган банк мекемелеринде ачкан (БШКнын 05.03.2024-ж. №15 жана 20.03.2024-ж. №25 токтомдору).

«Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу реалдуу убакыт режиминде келип түшкөн банктык маалыматтарга ылайык, талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерине жалпысынан 27 516 720 сом түшкөн, анын 79,4%ы жеке адамдардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары – 19 921 160 сом, 14,8% талапкерлердин өздүк каражаттары – 3 716 000 сом, калганы төлөм документтеринде көрсөтүлгөн туура эмес банктык төлөм коддору.

Шайлоо фонддорунун атайын эсептеринен жалпысынан 27 368 222,6 сом сарпталган, анын ичинен шайлоо күрөөсүн төлөөгө 4 176 090 сом төлөндү, бул 16,7%ды түзөт, ал эми кызмат көрсөтүүлөр үчүн 1 657 890,4 сом (6,6%). Ижара статьясы боюнча 1 324 500 сом (5,3%), жумушчулардын (агитаторлор, ыйгарым укуктуу жана ишенимдүү адамдар, байкоочулар, өкүлдөр ж.б.) эмгек акысына 7 423 592 сом (29,8%) жумшалган. Талапкерлердин шайлоо фонддорунан жалпыга маалымдоо каражаттарына кызмат көрсөтүүгө 7 189 347,2 сом жумшалды, бул 28,8%ды түздү.

Ошондой эле, конституциялык Мыйзамдын 60-1-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп каттоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиянын депозиттик эсебине 100 миң сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөнү төгөт.

Конституциялык мыйзамдын 41-беренесинин 16-бөлүгүнө ылайык:

«Шайлоо күрөөсү Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин төмөнкүдөй учурларда кайтарып берилет:

1) бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 5 пайыздан кем эмес добушун алгандарга, алар шайлоодон кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына өз фондунун өлчөмү жана аны түзгөн бардык булактар, ошондой эле бардык жүргүзүлгөн чыгымдар жөнүндө отчет бергенден кийин;

2) эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынса;

3) шайлоо бюллетенинин тексти жана формасы бекитилгенге чейин шайлоого андан ары катышуудан баш тарткандарга.

4) эгерде ушул бөлүктүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн отчет Борбордук шайлоо комиссиясына берилгенден кийин шайлоо өткөн жок же жараксыз деп таанылса.

Күрөөнүн калган суммасы бюджетке кошулууга тийиш».

 

Жалпысынан БШКнын депозиттик эсебине шайлоо күрөөсү катары 38 талапкерден 3 миллион 800 миң сом түшкөн:

- 29 талапкер шайлоого катышты;

- 3 талапкер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлигин коюу ниети жөнүндө өздөрүнүн арыздарын кайтарып алышкан жана алар төккөн 300 миң сом суммасындагы шайлоо күрөөсү аларга кайтарып берилген: №7 Ош шайлоо округунан Б.К. Эгешовага, Б.А. Фаттаховго жана №9 Кара-Суу шайлоо округунан Алимжан у. С.

Шайлоого мындан ары катышуудан баш тартуу жөнүндө арыздардын негизинде, шайлоо бюллетендин тексти бекитилгенден кийин  (09.04.2024-ж. БШКнын №31 токтому) 5 талапкердин каттоосу жокко чыгарылган:

№9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча:

1) Г.А. Бадаловдун (20.04.2024-ж. БШКнын №88 чечими);

2) А.А. Джунусовдун (20.04.2024-ж. БШКнын №89 чечими);

3) Р.Н. Маматовдун (18.04.2024-ж. БШКнын №83 чечими);

4) Д.Т. Давляновдун (18.04.2024-ж. БШКнын №86 чечими.),

№7 Ош шайлоо округу боюнча - Т.Ж. Кадыровдун (20.04.2024ж. БШКнын №87 чечими).

Ошондой эле, конституциялык Мыйзамдын 46-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, өзүнүн шайлоо кампаниясын каржылоодо мыйзам бузуу фактыларына байланыштуу, №7 Ош шайлоо округу боюнча талапкер М.Б. Маматкуловдун  каттоосу жокко чыгарылган (26.04.2024-ж. БШКнын №97 чечими).

Жогоруда аталган конституциялык Мыйзамдын нормаларынын, 2024-жылдын 3-майындагы «№2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу» БШКнын №43 токтомунун негизинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын 5% добушунан кем эмес алган жана өз фондунун өлчөмү жана түзүүнүн бардык булактары жана тарткан бардык чыгымдары жөнүндө отчет берген талапкерлерге 1 таблицага ылайык суммаларын кайтарып берүүгө тийиш:

1 таблица  №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо жыйынтыгы

 

           

Талапкердин Ф.А.А.

Кол менен эсептөөнүн  добуштардын %

Талапкерлерге кайтарууга тийиш болгон шайлоо күрөөсүнүн суммасы

Республикалык бюджетке чегерүүгө тийиш шайлоо күрөөлөрүнүн суммасы

1

Салихов Кеңеш Каримович

12,9%

100 000

 

2

Мадалиев Асылбек Алтымышович

12,8%

100 000

 

3

Кожонов Замирбек Ырысбаевич

12,6%

100 000

 

4

Ойтемиров Махмуд Гиесович

6,4%

100 000

 

5

Раимкулов Аширбай Омурзакович

3,0%

 

100 000

6

Нишанбаев Тургунбай

1,3%

 

100 000

7

Калпаев Бактыяр Алиевич

41,4%

100 000

 

8

Каработоев Джалил Исакович

4,1%

 

100 000

9

Сатаров Акимали Сатыбалдыевич

2,5%

 

100 000

10

Шадыманов Бакытбек Адылбекович

1,4%

 

100 000

 

Бардыгы:

 

500 000

500 000

 

2024-жылдын 4-майындагы «№9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу» БШКнын №46 токтомунун негизинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын 5% добушунан кем эмес алган жана өз фондунун өлчөмү жана түзүүнүн бардык булактары жана тарткан бардык чыгымдары жөнүндө отчет берген талапкерлерге 2 таблицага ылайык суммаларын кайтарып берүүгө тийиш:

2 таблица  №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо жыйынтыгы

 

           

Талапкердин Ф.А.А.

Кол менен эсептөөнүн  добуштардын %

Талапкерлерге кайтарууга тийиш болгон шайлоо күрөөсүнүн суммасы

Республикалык бюджетке чегерүүгө тийиш шайлоо күрөөлөрүнүн суммасы

1

Ажимаматов Сталбек Асанович

12,76%

100 000

 

2

Бакир Бакытбек

2,54%

 

100 000

3

Эргешов Толкун Турдукулович

12,61%

100 000

 

4

Курбанов Раимжан Рахманович

8,96%

100 000

 

5

Мамазакиров Рустам Умарович

5,29%

100 000

 

6

Бадалов Ганишер Абдуллаевич

(Каттоо жокко чыгарылган)

0%

 

100 000

7

Кубанычбеков Илимбек Кубанычбекович

36,15%

100 000

 

8

Джунусов Амирбек Абдалинович

(Каттоо жокко чыгарылган)

0%

 

100 000

9

Орунбаев Турдубек Дуйшонович

17,28%

100 000

 

10

Маматов Руслан Номанович

(Каттоо жокко чыгарылган)

0%

 

100 000

11

Давлянов Дамирбек Тайырбекович

(Каттоо жокко чыгарылган)

0%

 

100 000

 

Бардыгы:

 

600 000

500 000

 

2024-жылдын 4-майындагы «№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу» БШКнын №47 токтомунун негизинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын 5% добушунан кем эмес алган жана өз фондунун өлчөмү жана түзүүнүн бардык булактары жана тарткан бардык чыгымдары жөнүндө отчет берген талапкерлерге 3 таблицага ылайык суммаларын кайтарып берүүгө тийиш:

3 таблица  №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо жыйынтыгы

           

Талапкердин Ф.А.А.

кол менен эсептөөнүн  добуштардын %

талапкерлерге кайтарууга тийиш болгон шайлоо күрөөсүнүн суммасы

республикалык бюджетке чегерүүгө тийиш шайлоо күрөөлөрүнүн суммасы

1

Мамаев Абдилазиз Абдырахманович

3,94%

 

100 000

2

Танабаев Нурлан Исамидинович

0,47%

 

100 000

3

Бакир уулу Турсунбай

3,16%

 

100 000

4

Мамаджанов Бахтияр Тажибаевич

2,48%

 

100 000

5

Арзибаев Бекболот Осконбаевич

13,40%

100 000

 

6

Кыдыров Калтарбек Абдыкадырович

5,59%

100 000

 

7

Эргешов Бекмурза Аскарбаевич

43,75%

100 000

 

8

Кадыров Талантбек Жороевич

(Каттоо жокко чыгарылган)

-

 

100 000

9

Абдугапаров Авазбек Абибулаевич

1,63%

 

100 000

10

Балтабаев Абдивали Жакыпович

0,90%

 

100 000

11

Лилиенталь Юлия Викторовна

1,46%

 

100 000

12

Маматкулов Максатбек Борубаевич

(Каттоо жокко чыгарылган)

-

 

100 000

13

Караев Эмиль Жаныбекович

2,44%

 

100 000

14

Эргешов Ильичбек Салыевич

14,89%

100 000

 

 

Бардыгы:

 

400 000

1 000 000

 

Шайлоочулардын добуштарынын 5% кем алган жана шайлоо бюллетендин тексти жана формасы бекитилгенден кийин шайлоого мындан ары катышуудан баш тарткан 20 талапкердин 2 000 000 (эки миллион) сом суммасындагы шайлоо күрөөсүнүн калган суммасы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине чегерүүгө тийиш.

Жогоруда баяндалган Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41, 42, 60-1-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы №112 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. 2024-жылдын 28-апрелинде болуп өткөн №2 Баткен, №9 Кара-Суу жана №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүдө талапкерлердин шайлоо кампанияларын каржылоо тууралуу, талапкерлердин келип түшкөн, талапкерлерге кайтарууга тийиш жана бюджетке чегерүүгө жаткан шайлоо күрөөнүн суммалары жөнүндө Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмү бул чечимден келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси И.Т. Гайпкуловго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш, 2024-жылдын 15-майы

115