27.12.2021 №1455 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы менен сыйлоо жана ыраазычылык билдирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы менен сыйлоо жана ыраазычылык билдирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдумдарды уюштурууга жана өткөрүүгө көмөктөшкөндүгү, Кыргыз Республикасынын шайлоо тутумун өнүктүрүүгө жана шайлоо процессинин субъектилеринин укук маданиятын жогорулатууга кошкон олуттуу салымы, ак ниет жана жемиштүү эмгеги, ошондой эле өз милдеттерин сапаттуу аткаргандыгы үчүн,
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 3-февралындагы №31 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык уюмдардын, өнөктөштөрдүн өкүлдөрү, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы менен сыйлансын жанаыраазычылык билдирилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмү жана адам ресурстарын башкаруу сектору ушул чечимден келип чыккан зарыл чараларды ишке ашырсын.
3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 27-декабры
№ 1455