27.11.2021 №1376 №6 Араван шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Маннанов Ильхом Абдукахаровичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө
№6 Араван шайлоо округу боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
депутаттыгына талапкер Маннанов Ильхом Абдукахаровичтин
ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө
Нурдинова Матлюба Шарабудиновнанын өзүн ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө арызы жана 2021-жылдын 27-ноябрындагы (кириш №02-14/4831), №6 Араван шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Маннанов Ильхом Абдукахаровичтин сунуштамасынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. №6 Араван шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Маннанов Ильхом Абдукахаровичтин 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо Нурдинова Матлюба Шарабудиновна ишенимдүү адам болуп катталсын.
2. Катталган ишенимдүү адамына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 25-ноябры
№ 1376