27.11.2021 №1374 №6 Араван шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Обдунов Элмурат Абдуваповичтин ишенимдүү адамдары жөнүндө
№6 Араван шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер
Обдунов Элмурат Абдуваповичтин ишенимдүү адамдары жөнүндө
2021-жылдын 26-ноябрында №6 Араван шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Обдунов Элмурат Абдуваповичтин мурда сунуш кылган, ишенимдүү адамдарын чакыртып алуу жөнүндө билдирди «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. №6 Араван шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Обдунов Элмурат Абдуваповичтин төмөндөгү катталган ишенимдүү адамдарынын катары тизмеси тиркемеге ылайык каттолору жокко чыгарылсын.
2. Талапкердин ишенимдүү адамдарынын катары тизмеси тиркемеге ылайык берилген күбөлүктөрү анык эмес деп таанылсын.
3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 27-ноябры
№ 1374