21.11.2021 №1260 «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Мамажакыпова Чынара Жуманазаровнаны чыгаруу жөнүндө
«Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү» саясий партиясынан
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Мамажакыпова Чынара Жуманазаровнаны чыгаруу жөнүндө
Мамажакыпова Чынара Жуманазаровнанын 2021-жылдын 20-ноябрындагы (кириш № 02-14/4534) талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө жеке арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө жеке арызынын негизинде «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен Мамажакыпова Чынара Жуманазаровна чыгарылсын.
2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 21-ноябры
№ 1260