19.11.2021 №1232 №8 Төлөйкөн шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Темирбаев Мухаммед Миңбаевичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө
№8 Төлөйкөн шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер
Темирбаев Мухаммед Миңбаевичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө
№8 Төлөйкөн шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Темирбаев Мухаммед Миңбаевичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө 2021-жылдын 18-ноябрында (кириш № 02-14/4411) түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 61-беренесинин 10-бөлүгүнүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. №8 Төлөйкөн шайлоо округунан 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоосуна катышуудан баш тартуу тууралуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкер Темирбаев Мухаммед Миңбаевичтин каттоосу жокко чыгарылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 14-октябрындагы №496 чечими менен катталган шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Дюшеева Нурай Дюшеевнанын, финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жоомартов Медербек Атантаевичтин каттоосуу жокко чыгарылсын.
3. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Дюшеева Нурай Дюшеевнага берилген №317 финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Жоомартов Медербек Атантаевичке берилген №318 каттоо ырастамалар анык эмес деп таанылсын.
4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 19-ноябры
№ 1232