16.11.2021 №1206 №20 Манас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Назарбеков Мирлан Рысбековичке карата берилген ЫЧКТнын маалыматы тууралуу

№ 20 Манас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Назарбеков Мирлан Рысбековичке карата берилген ЫЧККТнын маалыматы тууралуу  

 

2021-жылы 3-ноябрда №20 Манас ОШКга Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобуна (мындан ары – ЫЧКТ) Кара-Буура районунун ветерандар Кеӊешинин мүчөсү С.Бапышовдон арыз келип түштү, ал №20 Манас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер М.Назарбеков тарабынан шайлоо мыйзамдарынын ченемдери бузулгандыгын билдирди.     

Берилген маалыматка ылайык, 2021-жылы 3-ноябрда Талас облусунун Кара-буура районунун Кызыл-Адыр айылынын стадионунда талапкердин логотиби тартылган чыптамачан, желектерди көтөргөн атчан,  мектеп курагындагы жаштардын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер М.Назарбековдун катышуусу менен үгүт иш-чаралары жүргүзүлгөн.  

Маалыматта билдирилгендей, Мугалимдер күнү райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси С.Жарманбетова Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер М.Назарбековдун апасынын чакыруусун демилгелеген, ал мектеп директорлоруна 5000 сом суммасында, райондун айрым мугалимдерине 3000 сом  акчалай сыйлык берген. Жолугушуунун соӊунда С.Жарманбетова мектеп диреторлорун, мугалимдерди депутаттыкка талапкер М.Назарбековду колдоочу үгүт ишмердигин жүргүзүүгө чакырган деп айтылат.   

2021-жылы 7-ноябрда аталган маалымат көрсөтүлгөн фактыларды текшерүү жана укуктук баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жиберилген (чыг.№ 32, 07.11.2021-ж.).

2021-жылы 6-ноябрда аталган маалымат Кара-Буура райондук ИИБдин Маалыматтарды каттоо журналында №02-007-2021-001042 менен катталган, ал эми 2021-жылы 7-ноябрда кылмыш курамынын жана жоруктардын жоктугуна байланыштуу номенклатуралык ишке чыгарып салуу тууралуу процессуалдык чечим кабыл алынды.   

2021-жылы 7-ноябрда аталган чечим Кара-Буура районунун прокуратурасы тарабынан жокко чыгарылды жана материалдар Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 192-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде кылмыштын белгиси боюнча №03-007-2021-000506 менен катталган, ал эми 2021-жылы 11-ноябрда КР КПКнын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн пункту боюнча тергөө токтотулган (кылмыш тутумунун жоктугуна байланыштуу). 

1) М.Назарбековдун үгүттөө иш-чарасында жашы жете электердин катышуусу фактысын териштирүүнүн жүрүшүндө аныкталгандай, 2021-жылдын 3-ноябрында М.Назарбековдун үгүттөө иш-чарасына орто мектептердин жашы жете элек окуучулары Э.Уматбеков (17 жаш), Б.Тургуналиев (15 жаш), Д.Жуманов (14 жаш) сабактан кийин өз каалоосу жана ата-энесинин каалоосу менен катышкан, бул “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык мыйзам) “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын  22-беренесинин 15-бөлүгүнүн талаптарына каршы келет, ага ылайык, 18 жашка чыга электер үгүттөө иштерин жүргүзүүгө, бардык үгүттөөчү материалдарды чыгарууга жана таркатууга акысыз.    

Талас облусунун Кара-Буура районунун ИИБинин жазуу түрүндөгү маалыматтарынан улам талапкер М.Назарбековдун өкүлдөрүнүн, орто мектептердин администрацияларынын жана орто мектептин мугалимдеринин үгүттөө ишмердигине жашы жете электерди тартуу боюнча аталган аракеттерге тийиштүүлүгү аныкталган эмес.  

2) Мугалимдер күнүнө карата Кара-буура райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында өткөн салтанаттуу иш-чарасында талапкер М.Назарбековдун апасы – У.Назарбекова тарабынан мектеп мугалимдерине акча каражаттарын берүүсү боюнча ички иштер органдары тарабынан төмөнкүлөр аныкталган. 

У.Назарбекова 1977-1997-жылдар аралыгында Талас облусунун Кара-Буура районунун бир катар орто мектептеринде директор болуп иштегендигин, ал эми 1998-жылдан тартып өз үй-бүлөсүнүн атынан мектептерге жардам берип келерин айтты.  Ал 2021-жылы 5-октябрда Кара-Буура РМА имаратында болуп өткөн Мугалимдер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышкандыгын жана окуучулары окуусунда мыкты натыйжаларга жетишкен мугалимдерге жана директорлорго акча каражатын бергендигин билдирди. У.Назарбекова түшүндрүгөндөй, иш-чарада үгүттөө жүргүзүлгөн эмес, бул учурда ал баласынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына талапкерлигин көрсөтүү ниети тууралуу билген эмес. 

М.Назарбековдун ишенимдүү адамы - К.Джеенчороев М.Назарбековдун талапкерлиги көрсөтүлгөнгө чейин эле анын апасы М.Назарбекова Мугалимдер күнүндө мугалимдерге демөөрчүлүк жардам көрсөткөндүгүн түшүндүрдү. 

Кара-Буура райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Жарманбетованын айтуунча, анын өтүнүчү менен У.Назарбекова демөөрчүлүк жардам көрсөтүп, мектеп директорлоруна жана мыкты натыйжаларга жетишкен мугалимдерге акча каражаттарын берген.   

Тап айтканда, У.Назарбекова тарабынан 5-октябрда аталган иш-чарада төмөнкүлөр берилген: айрым мугалимдерге 3000 сомдон, улуу курактагы 4 мугалимге 2000 сомдон (бардыгы 8000 сом), 12 мектепке 3000 сомдон (бардыгы 36 000 сом).  

Кара-Буура районунун орто мектептеринин аталган салтанаттуу иш-чарага катышкан директорлору жана мугалимдери да дал ушундай  маалымат беришти (бардыгы болуп 150 адам катышкан). 

3) 2021-жылы 8-ноябрда «Facebook» социалдык тармагынын колдонуучусу   П.Мамырованын баракчасында №20 Манас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына талапкер М.Назарбеков тарабынан шайлоочулардын добуштарын сатып алууну ишке ашырылып, шайлоо мыйзамдарынын ченемдери бузулгандыгы тууралуу пост жарыяланган.  

Борбордук шайлоо комиссиясынын ЫЧКТысына жиберилген видеодо Кара-Буура ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Л.Шамбетова М.Назарбеков оорукананын имаратын оӊдоо иштерине 250000 сом, Шекер айылындагы фельдшердик-акушердик пунктка 300 000 сом бөлүштүрүп жардам бергендигин, Аманбаев жана Кызыл-Адыр айылдарынын ҮДТсына тез жардам эки каретасын белекке бергендигин билдирет. Ошондой эле Л.Шамбетова М.Назарбеков тарабынан Кара-Буура ооруканасына концентраторлор берилгенин жана аз камсыздалган үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүлгөндүгүн билдирди.  

2021-жылы 8-ноябрда бул маалымат аталган фактыларды текшерүү жана укуктук баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жиберилген (чыг.№ 33, 08.11.2021-ж.). Ошол эле күнү аталган маалымат Кара-буура райондук ИИБдин Маалыматтарды каттоо журналында  № 02-007-2021-001047 менен катталган.

2021-жылы 9-ноябрда кылмыш тутумунун жана жоруктардын жоктугуна байланыштуу материалдарды номенклатуралык ишке чыгаруу тууралуу процессуалдык чечим кабыл алынган.   

ОШК көрсөтүүсү боюнча райондук мамлекеттик администрация башчысы жана билим берүү бөлүмүнүн башчысы дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган. 

ОШК маалыматтарына ылайык, УДБ мурунку директору, учурда Кара-Буура районунун ЖДПБнын директору К.Акматбеков 2021-жылы 2-ноябрда У.Назарбекова аны менен байланышып, тартылып жаткан видеороликте баласы М.Назарбековдун жогоруда аталган кайрымдуулук ишмердиги тууралуу айтып берүүсүн өтүнгөндүгүн билдирген.     

К.Акматбеков Бишкек шаарында жүргөндүгүнө байланыштуу, өзүнүн орун басары Л.Шамбетовага аталган кайрымдуулук ишмердүүлүк тууралуу айтып берүүсүн өтүнгөн.    

2021-жылы 4-ноябрда аталган видеоролик «Facebook» социалдык тармагынын барактарында жайгаштырылган, эч кандай үгүттөө болгон эмес. 

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, Борбордук шайлоо комиссиясы көрсөтүлгөн факты боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө аныкталган талапкер М.Назарбековдун жакын тууганынын - апасынын аракеттери конституциялык мыйзамдын 28-беренесинин 4-бөлүгүндөгү талаптарга каршы келерин билдирет, ага ылайык, талапкерлерге, алардын жакын туугандарына, күйөөсүнө (аялына), талапкерердин өкүлдөрүнө шайлоо белгиленгенден тартып, шайлоонун жыйынтыгы жарыяланганга чейин кайрымдуулук ишмердиги менен алектенүүгө тыюу салынат. Ошондой эле талапкер М.Назарбековдун «Facebook» социалдык тармагындагы жеке баракчасын изилдөө менен, талапкердин кайрымдуулук ишмердиги тууралуу видеоролик бүгүнкү күнгө чейин активдүү болуп, колдонуучулар тарабынан белгиленип жаткандыгы аныкталган.    

Ушуга байланыштуу, Борбордук шайлоо комиссиясы сотко чейинки өндүрүштү токтотуу жана номенклатуралык ишке чыгаруу тууралуу процессуалдык чечимдин кабыл алынгандыгына карабастан, талапкердин эакын тууганынын кайрымдуулук ишмердиги жана мындай аракеттерди кеӊири чагылдырган видеоматериалдарга ээ жарыялоолор маалыматтык натыйжага ээ жана үгүттөө өнөктүгүнүн алкагында шайлоочулардын өз эркин эркин билдирүүсүнө таасир этет жана аталган талапкерди тандоого өбөлгө түзөт деп белгилейт.  

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, Борбордук шайлоо комиссиясы №20 Манас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына талапкер М.Назарбековдун жоопкерчилигин кароо зарылдыгы тууралуу жыйынтыкка келди.   

2021-жылы 29-ноябрда Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28- №370 Указы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо дайындалган. 

2021-жылы 8-ноябрда №20 Манас шайлоо округу боюнча М.Назарбеков Борбордук шайлоо комиссиясына  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу ниетин жазуу түрүндө билдирди (кир.№Н-523).

2021-жылы 17-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын №624 чечими менен М.Назарбеков №20 Манас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин деутаттыгына талапкер болуп катталган. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 23-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык: «Шайлоо алдындагы үгүт иштери бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо аяктаган күндөн башталып, добуш берүү башталганга 24 саат калганда аяктайт», башкача айтканда, 2021-жылдын 29-октябрынан 27-ноябрга чейин созулат. Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык: “Талапкерлер, алардын жакын туугандары, күйөөсү (аялы), талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып, шайлоонун жыйынтыгы жарыяланганга чейин кайрымдуулук ишмердиги менен алектенүүгө укуксуз”.  

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, Борбордук шайлоо комиссиясы №20 Манас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына талапкер М.Назарбековдун аракеттеринде мыйзам тарабынан белгиленген шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелери жана тартиби бузулгандыгын көрөт.   

Ошентип, М.Назарбековдун аракеттеринде шайлоо дайындалган учурдан баштап кайрымдуулук ишмердигин жүзөгө ашыруу, мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин жүргүзүү, үгүт ишмердигине 18 жашка чыга элек курактагы жаштарды тартуу сыяктуу иштерди көрүүгө болот. 

Конституциялык мыйзамдын 28-беренесинин 9-бөлүгүндө «Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартибинин аткарылышын көзөмөлдөйт жана жол берилген мыйзам бузууларды жоюу боюнча чараларды көрөт” деп белгиленген. 

Талапкер, саясий партия тарабынан Конституциялык Мыйзамдын 22-28-беренелеринде белгиленген талаптар бузулган учурда, тийиштүү шайлоо комиссиясы аларга мыйзам бузуулары тууралуу кат түрүндө эскертүү берүүгө укуктуу».    

Жогоруда айтылгандардын негизинде, Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-, 23-, 28-, 43-беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-, 4-, 8-беренелерин, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан 2020-жылы 4-февралда кабыл алынган №33 токтому менен бекитилген “Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтун (ЫЧККТ) ишмердигинин тартиби жөнүндө” Жобосун жетекчиликке алуу менен, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы   

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. №20 Манас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына талапкер – Назарбеков Мирлан Рысбековичке шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин жана тартибин бузгандыгы тууралуу жазуу түрүндөгү эскертүү берилсин. 

2. Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жайгаштырылсын.   

3. Аталган чечимди жүзөгө ашырууну көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтун жетекчиси Т.Шайназаровго жүктөлсүн.

 

                              ТӨРАГА                                         Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

                                       

Бишкек ­­ш., 2021-жыл 16-ноябрь

№1206